ООГАНСТАНДА АПИЙИМ ӨНДҮРҮШҮ КЕЛЕРКИ ЖЫЛЫ ЖОГОРУЛАШЫ ЫКТЫМАЛ

Улуттар уюмунун Наркозаттар жана кылмыштуулук боюнча мекемеси өзүнүн жаңы отчетун жарыялады. Анда белгиленгендей, Ооганстанда апийим айдалуучу аянттын өлчөмү 21%га азайганы менен жаратылыштын жагымдуу шарты кайра эле түшүмдүн арбын болушуна алып келди. Жалпысынан быйыл Ооганстанда апийим өндүрүшүнүн көлөмү 2%дан ашуунга төмөндөгөнү менен келерки жылга божомолдор кайра эле кооптуу.
Улуттар уюмунун Наркозаттар жана кылмыштуулук боюнча мекемесинин аткаруучу директору Антонио Мария Костанын айтымында, Ооганстанда апийим айдалган аянттардын кыскарышы бир эсе, президент Хамид Карзайдын өкмөтүнүн аны иштетүүчү заводдорду жок кылуу жөнүндөгү демилгесинен улам, дыйкандардын чоочулоосуна байланыштуу эле. Эми андай кооптонуу кайра артта калган өңдөнөт. Быйыл ооганстандык дыйкандардын ар бир бешинчиси же 50 миңдей адам апийимден баш тартып, башка өсүмдүктү себүүгө көчкөнү менен өлкө азыр деле дүйнөлүк өндүрүштүн 87%ын камсыздоодо.

БУУнун өкүлү Антонио Мария Коста белгилегендей, ооган өкмөтүнүн апийимден арылуу демилгесине карата дыйкандардын чоочулоосу жоголо баштаганынан сырткары апийимдин уругунун бекер таратылып жатышы жана Ооганстандын кээ бир аймактарында коопсуздук кырдаалынын начарлашы келерки жылы кайра эле түшүмдүн көбөйүшүнө алып барышы мүмкүн:

- Биринчиден, бизде бир катар провинцияларда баңги аткезчилери апийимдин уругун бекер таратууда деген маалымат бар. Бул келерки жылы айдоо аянттары кеңейишине алып барышы ыктымал. Экинчи маселе - былтыр апийимди көп айдабаган айрым провинцияларда коопсуздук кырдаалынын начарлап жатышы. Бул да кайра эле ошол провинцияларда айдоо аянттарынын көбөйүшүн шартташы мүмкүн.

Улуттар уюмунун отчетунда айтылгандай, Ооганстандын апийим өндүрүшүндөгү өзгөрүүлөрдү өлкө аймагынан кеңири байкоого болот. Маселен Нангахар деген провинцияда айдоо аянтары быйыл 96%га кыскарган экен. Фарах жана Балх провинцияларында тескерисинче үч эсеге көбөйгөн.

Ал эми жалпы жылдык кирешени үй башына бөлө келгенде 1800 АКШ доллары туура келет. Өз кезегинде баңги аткезчилеринин колуна ооган апийимин сатуудан 2,14 миллиард доллардан ашуун каражат тийүүдө. Кирешенин басымдуу бөлүгү акыр аягында ири наркосоодагелердин банкттардагы эсебине түшүү менен аяктайт.

Отчетто айтылгандай, баа Ооганстандын өзүндө да бирдей эмес. Чийки жана кургак апийимдин бир килограмманын наркы орточо 140 доллар турса, Тажикстанга чектеш түндүк аймактарда 114 эле доллар. БУУнун Наркозаттар жана кылмыштуулук боюнча кеңсесинин бул жолку отчетунда биринчи жолу Ооганстандагы улуттук тайпарладын баңги аткезчилигиндеги орду жөнүндө да айтылган. Мекеменин башчысы Антонио Мария Коста мындай дейт:

- Он жыл мурда контрабанданын 90%ын пуштундар жетектечү. Быйыл пуштундар контрабанданын жарымын көзөмөлдөөдө. Чейрегинен ашуусу тажик улутундагылардын колунда.

Ал эми баңги содасынын азыркы багыты тууралуу Антонио Мария Коста буларды кошумчалады:

- Апийим менен героиндин Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу кеткен көлөмү былтыркы жылдагыдан азайды. Биз былтыр 24%ы деп эсептесек, быйыл 19%га түштү. Негизинен бул контрабанданын жолунда олуттуу өзгөрүү болду, Борбор Азия, Орусия, Пакистан аркылуу соода азайып, Иран, күрд аймактары, Ирак, Түркия, Балкан аркылуу көбөйдү дегенди билдирет.

Маселен 2004–жылы Иран аркылуу ооган апийиминен 40%кетсе, быйыл бул көрсөткүч 61%га чыккан. Кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм - Тышкы байланыштар боюнча кеңештин эксперти Изобел Колимандын пикиринде, Борбор Азияда коррупциянын кеңири жайылгандыгы, наркозоттардын контрабандаланышына каршы натыйжалуу күрөшүүдөгү негизги тоскоолдуктардын бири:

- Наркозаттар жана наркосооданын айланасындагы акчанын көлөмү адамдарды азгырууга, айлык акысы аз гана эмес, жакшы маяна алган расмий өкүлдөрдү да паралоого кудуреттүү. Алар өздөрүндө байуу мүмкүнчүлгү бар экенин эске алгандыктан, наркосоодага көз жумууда. Коррупцияны Ооган өкмөтүнөн, Түркмөнстан, Өзбекстандан, бүткүл чөлкөмдөн көрүүгө болот. Ал бул чөлкөмдө кеңири жайылган.

БУУнун Наркозаттар боюнча мекмеси быйылкы отчетунда биринчи жолу Ооганстандын өзүндөгү наркомандар боюнча да божомолун жарыялады. Алардын эсебине караганда, алар болжол менен бир миллион адамды же калктын 3,8%ын түзөт.