Ооганстанда жоголгон полицейлер табылды

Кабулдун жанындагы өкмөттүк имаратка болгон кол салуудан кийин жоголгон оогандык 4 полиция базасына кайра келди. Өлкөнүн ички иштер министрлигинин жооптуу өкүлү Юсеф Станизай билдиргендей, кол салуу 26-ноябрда эртең менен Логар провинциясында орун алган жана ага талиптердин тиешеси бар.Анын аралыгында, Мазари Шарифте кечээ болгон жардыруудан жаракат алган швециялык төрт жоокердин бирөөсү 26-ноябрда каза болгону кабарланды. Швециянын куралдуу күчтөрүнүн билдирүүсүнө ылайык, дагы бир жоокердин абалы оор бойдон кала берүүдө.

Соңку эл аралык кабарларды Прагадан Айданбек Акмат уулу даярдады