Уюмдун жетекчилиги Тегерандын маселесин Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине берүүнү кийинчерээк талкуулоону чечти. Адегенде мунасалуу вариант карала турган болду. Россия жакында өз ишканаларында Иран үчүн уран байытып берүүнү сунуш кылган эле. Муну Британиянын өкүлү Питер Женкинс колдоп, бул сунушка Иран өтө олуттуу мамиле жасашы керектигин жана МАГАТЭ менен кызматташууга тийиш экенин эскертти. АКШ менен Евросоюз Тегеран дүйнөлүк коомчулуктан жашырып, ядролук курал жасап жатат деп шектенет.