Президент ЕККУ төрагасынын өкүлү менен жолугушту

БИШКЕК. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму мындан ары да Кыргызстан менен болгон көп тармактуу кызматташтыгын өркүндөтүүгө, өзгөчө экономикалык жана экологиялык тармактардагы кызматаштыкка көңүл бурат. Бул тууралуу 25-ноябрда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун төрагасынын Борбор Азия боюнча өкүлү Алоиз Петерле президент Курманбек Бакиев менен болгон жолугушуусунда билдирди. Бакиев жолугушууда өлкөдөгү конституциялык реформанын жүргүзүлүшү жана өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы жөнүндө маалымат берип, азыркы тапта парламент менен өкмөттүн макулдашып иштешинин маанисине токтолду. Президент ошондой эле соңку жылдары Кыргызстанда бийлик өкүлдөрү тарабын мыйзам бузуулар көп орун алгандыгын, ал эми мындан ары кылмыш топторунун мыйзамсыз аракеттерине жол берилбей, өлкөдө мыйзамдуулук менен тартип камсыздалаары жөнүндө айтты.