Кыргызстандагы аялдар зомбулуктан жапа чегүүдө

БИШКЕК. Үй-бүлөдөгү зомбулуктан коргоо боюнча социалдык-укуктук мыйзамы иш жүзүнө ашмак түгүл, көпчүлүк милиция кызматкерлери мындай мыйзам бар экендигин да билишпейт. Бул тууралуу гендердик эксперт Таалайкүл Исакунова маалымат жыйынында билдирди. “Сезим” борборунун маалыматына караганда, 2003-жылдан бери үй-бүлө зомбулугуна дуушар болгон 2 миңден ашуун аял аталган борборго жардам сурап кайрылышкан. Ал эми Нарын облусунда 7 жылдын аралыгында 7 миңге чукул аял үй-бүлө зомбулугуна дуушар болушкан. Бейөкмөт уюмдарын билдиргенине караганда, өлкө боюнча үй-бүлө зомбулугунан жабыр тарткандар жана аларга жардам көрсөтүлгөндүгү тууралуу так маалымат жок.