Майлусуу шаарына жакын жердеги уран калдыктары коркунуч туудурууда

ЖАЛАЛАБАТ. Дарыянын үч чакырымдай оң жак жээгинде жер көчкү коркунучу сакталууда. Жамгыр жана кар жааган сайын жар ылдый куюлуп түшкөн ылай топурактар бир нече өнөр жай ишканалары жана 3,5 миңдей калкы бар Сарыбээ шаарчасына барчу жолду тосуп калышы ыктымал. 25-ноябрда жамгыр аралаш кардын башталышы Майлуусу шаар жетекчилигин тынчсыздандырууда. Жээк тосууга керек болгон 1200 даана габиондун 300 даанасы гана берилгендиктен дарыя капталын бекемдөө иши токтоду. Жол жана көпүрө куруу иштерине тармактык министрликтерден зарыл күйүүчү майлар берилген жок. Табият кырсыктарынан улам турак-жайсыз калышкан 112 үй-бүлөнүн ону гана мамлекеттик ссудага ээ болушту. Калган 102 үй-бүлө убактылуу туугандарыныкына жайгаштырылды. Мындай маалымат шаар башчы Бүүмайрам Мамасеитовадан алынды.

Шаарда 1947-1969-жылдары көмүлгөн уран калдыктарынын 23 очогу бар. Уран калдыктарын зыянсыздандыруу иштерине кыргыз-жапан мамлекетттери менен дүйнөлүк банк 11,7 миллион доллар каражат бөлүү чечимин кабыл алышкан. Ал ишке Азия өнүктүрүү банкы да кошумча кошоорун билдирген.