КЫРГЫЗСТАН ӨЛҮМ ЖАЗАСЫНАН БИРОТОЛО БАШ ТАРТАБЫ?

Конституциялык реформага көз салган байкоочулар «Баш мыйзамга өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндөгү» калктын кароосуна коюлган жаңы долбоордогу башкы өзгөчөлүктөрдүн бири катары өлүм жазасынын алынып салынышын белгилеп жатышат. Бирок бул маселе жаңы долбоордун алкагында талаш-тартышты жараткан маселелердин бири болууда.
Кыргызстан аймагында өлүм жазасы ишке ашпай калганына жети жыл болду. Жазанын бул түрүн чектеген жардыкты президент жыл сайын жаңылап келатат. Акыркы жолу мурдагы өкмөт март ыңкылабынын алдында президенттин тапшырмасына ылайык, бул жазаны биротоло алып салууну кепилдеген мыйзам долбоорун иштөөгө киришкен. Ошондуктан, бир катар байкоочулар баш мыйзамга байланышкан жаңы долбоорго өлүм жазасын алып салуу тууралуу жобонун киргизилишин табигый көрүнүш катары баалап жатышат. Маселен, Бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева бул кадам эл аралык нормага ылайык жасалууда дейт:

- Өлүм жазасын алып таштайбыз деп мындан эки-үч жыл мурун БУУнун документине кол койгонбуз да. Документке кол койгондон кийин эми артка кетүүгө акыбыз жок.

Бирок Токтайым Үмөталиева бул маселени долбоорго киргизээрден мурда референдум аркылуу чечип алуу зарылдыгын айтат. Анткени, өтө оор кылмыш жасаган адамдарды жайгаштыруучу түрмөлөрдү куруу, аларды багуу, иш орундарын даярдоо, күзөткө алуу чоң түйшүктү, каражатты талап кылат.

“Кыргызстан коммунисттери” партиясынын төрайымы Клара Ажибекованын айтымында, экономикалык эмес, нравалык жагын эске алганда да, өлүм жазасын алып салууга азыр Кыргызстандагы жагдай туура келбейт:

- Мына бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматкерлерди өлтүрүп атышат. Депутаттарды өлтүрүп атышат. Ошон үчүн коом күчтүү кылмыштуулукка өтүп кеткен кезде өлүм жазасын алып салган бул таптакыр туура эмес. Экинчиден, нравалык жагы да бар. Биздин атаандаштар «кудай берген өмүрдү кудай гана алышы керек» деп атышат. Бирок ошол адамдар башка адамдардын өмүрүн тартып алып, мыкаачылык менен өлтүрүп жатышат. Ошон үчүн алар өздөрү жасаганга окшош жаза табыш керек.

Алардан айырмаланып адилет министри Марат Кайыповдун оюнда, өлүм жазасын баш мыйзамдын долбооруна киргизүү аркылуу жаңы бийлик утуш алды:

- Кыргызстан мурдагы Советтер Союзундагы Балтика өлкөлөрүнөн башка өкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп атууга өкүм деген кылмыш жазасынан баш тартып жатат. Тыюу салып жатат. Бул - Кыргызстандын демократиялык, укуктук мамлекет экендигине далил.

Ал эми Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова эл аралык нормаларды эске албаганда деле эл өлүм жазасын алып салууну кадыр эсе көрүнүш катары кабылдаарына ишенет. Анткени, кыргыздын тарыхында абак болгон эмес. Ал эми киши өлтүргөн адамга өзүнүн кунунан кутулууну ошол адамдын өзүнө жүктөп келген:

- Биздин жазаларыбыз деле гумандуу экен. Анан эгерде, атуу жазасы аткарылбай калса, ал өмүр бою абакта отуруу жазасы менен алмаштырылышы керек.

Баекованын көз карашында, Кыргызстан бул жобону биротоло алып салууга узак жылдан бери даярданып келаткандыктан, өзгөчө тоскоолдуктарды жаратпайт.

Акыркы божолдуу маалыматтарга караганда, сонку жылдары өлүм жазасына тартылган 200 чамалаш күнөкөр Кыргызстандын тергөө изоляторлорунда отурушат. Бул өтө оор кылмыш кылгандарды жайгаштыра турган атайын жайлардын жоктугу менен түшүндүрүлүп келатат.