БИШКЕК. Кыргызстандагы Конституциялык реформага байланыштуу 24-ноябрда Бишкекте башталган эл аралык конференцияда баш мыйзамдын долбоору боюнча түрдүү пикирлер айтылууда. Маселен, Венеция комиссиясынын катчысынын орун басары Томас Маркерт жеке пикиринде азыркы долбоордо бийлик президенттин колунда калганын белгиледи. Ушуга окшош эле сын-пикирлерди Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү Кубатбек Байболов, Асия Сасыкбаева өңдүү саясатчылар да айтышты. Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарынбаев болсо, азыркы баш мыйзамды түп тамырынан өзгөртүүгө каршы экенин, азыркы долбоор сунуш-пикирлердин негизинде кайрадан иштелип чыгарын айтты. Венеция Комиссиясынын эксперти Кестутис Лапинскас болсо, азыркы реформа Акаев доорундагы конституциялык реформаны кайталоо болуп жатканын айтып, Конституциялык сотту жою демилгелери адам укуктарына шек келтирүүгө тете экенин белгиледи. Мындан бир күн мурда президент Курманбек Бакиев да журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Конституциялык сотту сот системасындагы өз алдынча орган катары калтыруу зарылдыгын белгилеген.