Конституциялык кеңешменин төрагасы, президент Курманбек Бакиев Конституциялык сотту жоюуга болбой тургандыгын билдирди. Президенттин акыркы кадамына таянган Конституциялык соттун төрайымы, Конституциялык реформанын демилгечиси Чолпон Баекова Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүдө коомчулуктун сын-пикирлери эске алынарына ишенимин билдирди.
- Конституциялык соттун укуктарын кеңейтүүнү да реформанын милдеттеринин бири экенин мурда айтпадыңыз беле. Тескерисинче, долбоорго бул структура кирбей калган. Мунун себебин кандай жагдай менен түшүндүрөсүз?
- Кечээ Курманбек Салиевич ачык айтпадыбы эми, мен мыйзамдардын, сунуштардын бардыгын изилдеп, окуп көрүп, Конституциялык cот азыркыдай эле демократиялык институт боюнча кала бериши керек. Жогорку cотко кошконубуз туура эмес болот деп. Кээ бирөөлөр Баекованы кетириш максатында гана көтөрүлүп атат деп айтып атышпайбы. Балким андай деле негиз бардыр. Бирок мен өзүм ойлогон жок элем. Мен өзүм байкабай жаткан нерселер барбы деп ойлойм. А негизинен менин оппонентим болуп Марат Таштанович чыгып атат. Конституциялык сот иштерди аз карайт, ал-бул деп атпайбы. Биз анализ кылып көрсөк соттор менен, 21 иш бериптирмин. Анын бирөө боюнча гана чечим даярдаптыр. 15и иш козгоодон баш тартыптыр. 5 учурда кыскартып салыптыр ишти…
Биз ишти аз карап калганыбыз ошол 2003-жылдагы референдумдун жыйынтыгы боюнча Конституциялык соттон эң негизги адам укугун коргой турган биздин укугубузду алып салган.
- Эми азыркы жаңы долбоордо чындап демократиялык нукка сала турган өзгөрүүлөр барбы, оюңуз кандай?
- Мен түп-тамыры менен оңолсо экен, демократия жолуна биз чындап чыксак экен дагы, сөз менен элди сугарганды коюп, оюбуз ишке ашса экен, деп каалап атам. Бирок акыркы жолу жарыяланган долбоорду биздин мүдөөбүздү ишке ашыра турган долбоор деп айтуу абдан кыйын. Эгерде тереңирээк көз чаптырып карап көрсөңөр, ал жерде реформанын бардыгы ошол Конституциялык сотту Жогорку сотко кошуу менен эле бүтүп калып атпайбы. Анан партиялык тизме кирип атат да, ал дагы маалкатып, 2010-жылдан башталсын деп атат. Башка орчундуу өзгөрүү деле жок.
- Өлүм жазасын алып салуу жобосу кирбедиби. Аны ишке ашыруу ыктымалдыгы канчалык?
- Өлүм жазасына байланыштуу маселе, реалдуу эле. Анткени, мониторинг жүргүзүп, баарын карап көрүшсө, биз акыркы жылдары өлүм жазасына кириптер болгон адамдардын өкүмдөрүн аткарган эмеспиз да. Президент ар бир жылы жардык чыгарып, анын мөөнөтүн узартып отурган. Өлүм жазасы дегенди кыргыздар билген эмес. Кыргыздар негизинен абдан гумандуу эл экен деп атам. Ата-бабадан калган негизги салттарга биз балким жакшы көңүл бурбай атабыз. Кыргыздардын түрмөлөрү жок эле да. Абактар совет доорунда келди да. Абактар жаман, мындай-андай деген сындарды айтышат. Мен кыргыз абак куруп көргөн эмес, эгер уурулук кылса жазалачу деп айтам. Адам өлтүрүп койсо ошол өлтүргөн адамды өлгөн адамдын ордуна ошол урууга берип, кундан кутул дешчү.
- Баш мыйзамга өзгөртүү, толуктоолор коомчулуктун каалоосуна төп түзүлөрүнө ишенесизби?
- Эми силер гезитке чыгып, элге жарыяланган нерсе ошол калыбында кабыл алынат деп ойлобогула. Бул элдин сынына коюлган нерсе. Менин оюмча, президенттин акыркы Конституциялык кеңешмеде айткан сөзүнө караганда, эл активдүү катышып, ар бир инсан өзүнүн сунушун бергенге мүмкүнчүлүктү түзүш керек дагы, сын-пикирлерди топтоп, анын баарын кайрадан жазып чыгыш керек. Ошондуктан, добушка бере турганга элге жарыялай турган долбоор азыркыдан толук айырмаланат деп ойлоп атам. Кечээ эле сунуш кылып, айтпадыбы, Конституциялык Сот бизге керек деп. Өзгөрүү болуп атабы? Болуп атат. Демек, элдин пикирин президент эске алып атат.