Баш кеңсеси Женева шаарында жайгашкан Бириккен Улуттардын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бүгүн атайын отчет жарыялап, аялдардын абалы дүйнө жүзүндө оор экенин билдирди. Уюм тарабынан 10 мамлекетте өткөрүлгөн изилдөөлөр - ар бир алты аялдын бири үй-бүлөсүндө зордук-зомбулукка дуушар болгонун аныктаган жана аялдарга каршы мамиле коомдогуга караганда үй-бүлөдө алда канча катаал. Эң негизгиси - эркектер гана эмес, аялдар өздөрү дагы андай абалды катардагы нерсе деп эсептейт.