Виетнамда куш ылаңы күч алып баратат

Виетнам жетекчилигинин айтымында, өлкөдө дагы бир адам куш ылаңын жугузуп алды, өлкө түндүгүндөгү Хайфоң портунда жашаган 15 жаштагы бала ооруканага жаткырылды. "Ассошиейтед пресс" агенттиги кабарлаганга караганда, азыр куш ылаңы Виетнамдын 18 провинциясында катталган. Өлкө жетекчилиги оору чыккан аймактарга чет өлкөлүк жарандардын келишине тыюу салды. 2003-жылы Түштүк-Чыгыш Азияда куш ылаңынан 67 адам өлгөн, алардын көпчүлүгү виетнамдыктар болчу.

Соңку эл аралык кабарларды Прагадан Нарын Айып даярдады