Кытайдын Харбин шаарында элди суу менен камсыздоодо өзгөчө чаралар көрүлүүдө. Жалпы калкы 8 миллионго жакын шаарга ичүүчү суу автоунаалар менен ташылууда. Бул шаарга агып кирген Сунгари дарыясынын уулуу заттар менен булганышына байланыштуу болууда. Мындан он күн мурун дарыянын баш жагында жайгашкан Цзилин шаарында нефть-химиялык завод жарылган эле. Орусиянын бийлиги да булганган суу Хабаровск шаарына келишине байланыштуу тынчсыздануусун билдирүүдө.