Орусия менен Казакстан чек ара макулдашуусун бекитти

Казакстан Сенаты 23-ноябрда Казакстан менен Орусиянын чек арасы боюнча макулдашууну ратификациялады. Эки өлкөнүн президенттери январь айында кол койгон келишимди 34 сенатордун баары жактырып, добуш беришти. Орусиянын парламенти да келишимди ушул эле күнү жактырды. Казакстан менен Орусиянын чек арасынын узундугу 7,5 миң чакырым келет.