Сот “Кыргыз туусу” гезитин айыпка жыкты

БИШКЕК. 21-ноябрда Биринчи май райондук сотунун судьясы Мадина Давлетбаеванын чечими менен “Кыргыз Туусу” гезитинде “Электрстанциялар” ишканасынын башкы директору Сапарбек Балкибеков тууралуу жазылган макала негизсиз деп табылып, аталган гезиттин редакциясына 10 миң сом, “Көмүр” ишканасынын мурдагы жетекчиси Пайзулла Рахмановго 3 миң сом, макаланы басууга даярдаган журналистке 2 миң 600 сом айып пулду Балкибековго төлөп берүү каралды. Буга “Кыргыз Туусу” гезитине Пайзулла Рахмановдун жергиликтүү көмүр кендеринен көмүрдүн начар ташылып келишине “Электрстанциялар” ишканасынын башкы директору Сапарбек Балкибековду айыптаган макаласы себеп болгон. Балкибеков ал макалада жазылгандар негизсиз, ар намысыма шек келтирди деп эсептеп, гезит редакциясын жана “Көмүр” ишканасынын мурдагы жетекчиси Пайзулла Рахмановду сотко берген. Бул тууралуу “Электрстанциялар” ишканасынын басма сөз кызматынан 23-ноябрда билдиришти.