Чек арачылар машыгуу өткөрдү

БИШКЕК. 23-ноябрда Советтер Союзунун баатыры Мансуза Ванахун атындагы “Кант” чекара бекети менен “Актилек” чекара өткөрүү пунктунда куралчан террорчулардан мамлекеттик чек араны коргоо жана кайтаруу боюнча аскерий машыгуу өткөрүлдү. Ошондой эле көзөмөлдөп өткөрүүчү пункттардын уюштуруу иштери, чек ара бекеттеринде материалдык тейлөө шарттарын жакшыртуу, аскердик чарба түзүү маселелери да каралды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.