Ирактын президенти Жалал Талабани Тегеранда Ирандын Руханий көсөмү Аятолла Али Хаменеи менен жолугушту

Хаменеи Ирактын президентин өлкөдөн АКШ аскерлерин чыгаруу мөөнөтүн аныктоого үндөп, америкалык күчтөр террорчулук кылып жатат деп күнөөлөдү. Иракта АКШнын элчиси жана башкы аскер командачысы катышып жаткан мүрзөдөгү коштошуу жөрөлгөсүн козголоңчулар минометтон аткылашты, адамдар жабыр тарткан жок. Киркукта базарда жанкечти жардырган бомбадан 15 киши мерт кетип, 24 адам жараат алды.