Казак бийлигинин айтымында, шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоонун да кажети жок

Алматы шаарында бүгүн Казакстандын Элдик ассамблеясынын жыйыны болуп өттү жана анда чыгып сүйлөгөн президент Нурсултан Назарбаев Казакстанды - Борбор Азиядагы эң алдыңкы мамлекет деп атады. Анын айтымында, өлкөнү дагы алдыга жылдырыш үчүн күчтүү мамлекеттик саясаттын мааниси зор, ал эми саясий плюрализм Казакстандын күндөлүк турмушуна кирди. Элдик ассамблеяга - өлкөдө жашаган улуттук азчылыктардын бирикмелери кирет, 4-декабрда өлкөдө кезектеги президенттик шайлоо өткөрүлөт жана ага - 1989-жылдан бери Казакстанды башкарган Назарбаев дагы катышат. Анын жардамчысы Бакытжан Жумагулов бүгүн билдиргенге караганда, шайлоо жыйынтыктарын бурмалоонун эч кажети жок, анткени Назарбаевдин рейтинги өтө жогору.