22-ноябрдагы өлкөнүн негизги маалымат каражаттары Ош мамлекеттик университетинин ректорун шайлоонун жыйынтыгы, өлкө мусулмандарынын муфтиятындагы арыздашуулар, турак жай курулушунун күңгөй-тескейлери тууралуу макалаларды жарыялашты. Ошондой эле миграция, жергиликтүү айыл өкмөттөрүнө шайлоолор жөнүндө макалалар чыкты.
22-ноябрдагы “Агым” гезитинде кабарчы Жолдошбек Зарлыкбеков өлкөнүн миграция жана эмгекке орноштуруу мамлекеттик комитетинин төрайымы Айгүл Рыскулова Орусиянын бир нече чоң облустарында болуп, кыргызстандык мигранттардын абалы менен таанышып келгенин маалымдайт. “Москва, Самара, Оренбург, Свердловск облустарында, Татарстанда кызматташууга кол коюлду. Кыргызстандан Орусияга барган адам үч күндө паспорт каттоосунан өтүш керек. Бул оор маселе эле, жакындан бери 90 күнгө дейре каттоосуз жүрүүгө жетишмей болду”, - деп жазат автор.
Ушул эле “Агымда” кабарчы Мамат Сабыровдун “ОшМУнун ректорун шайлайбыз деп, жалаң белкырчоодон ылдый согуп жатышты “ аттуу макаласы жарыяланды. Анда Ош мамлекеттик университетинин окутуучуларынын жаңы ректор шайлоодогу талаш-тартышы тууралуу кеп болот. “Бул шайлоо саясый чоң окуяга айланып, ректордун орду аябай көп адамдын көзүн кызартканын ушундан билиңиз, ашык- кеми жок он жети адам ат салышты. Мындай саясый өнөктүктөр тез-тез кайталана берип, оштуктар шайлоого ушунчалык уста болуп бүткөн экен. Президенттик, парламенттик чоң шайлоолордо колдонулуучу ыплас технологиялардын баары бул жерде да колдонулду. Талапкерлер аксылык, карасуулук, ноокаттык деп жердешчилик белгилери боюнча негизги үч топко бөлүнүп, атаандаштарын уруусуна, тууган-туушкандарына чейин иликтешип, бири-бирин колуна урунган компромат менен жалаң бел кырчоодон ылдый согуп жатышты”, - деп жазат автор.
“ОшМУда отуз миңден көбүрөөк студент билим алып, 1,5 миң окутуучу иштейт. Жылдык бюджети 125 млн. сом. Эми салыштырып көрүңүз, экинчи борбор аталган Ош шаарынын бюджети 200 млн. сом. Андан сырткары университеттин өзүнүн үйүр-үйүр жылкылары, короо-короо койлору, эс алуу үйлөрү, Ысыккөлдө пансионаттары бар. Мынчалык байлыктын үстүндө отурган ректорлор албетте, “май кармаган бармагын жалайт” болуп, мүмкүнчүлүктөн жакшы эле пайдаланып келишкен”, - деп жазуу менен Мамат Сабыров эки тур менен шайлоодо ОШМУга техника илимдеринин доктору, экс-депутат Мухтар Орозбеков ректор болуп шайланганын маалымдайт.
“Агымдын” кабарчы Асран Айдаралиев Бишкекте ипотекалык кредит менен курула турган 3 турак жайдын көйгөйлөрү тууралуу тегерек үстөл маектешүү уюштурган. Ошол тегерек үстөлдө козголгон маселелер тууралуу автор мындай дейт:
- “Жал” кичирайонунун аймагында курула турган 3 көп кабатуу үйлөрдүн фундаментин май айында президент Курманбек Бакиев ырымдап өз колу менен таш төшөп, бетон куюп, октябрь-ноябрь айларында бүткөрүлүп, турак жайга өтө муктаж көп балалуу үй-бүлөлөргө жеңилдетилген ипотекалык кредит менен берилээрин айткан. Чет өлкөлөрдөн инвестиция берүүгө макул уюмдар да табылган. Бирок ич ара түшүнбөстүктөрдүн, мыйзамдардын алашемдигинен бул маселе ушуга чейин чечилбей келатат. Бул көйгөйлөр жана аны чечүүнүн жолдору айтылды.
22-ноябрдагы “Аалам” гезити учурда Кыргызстан мусулмандар муфтиятындагы арыздашууларын, каршылашкан эки тараптын пикирлерин жарыялап, окурмандардын таразасына койду. Жогорку Кеңештин сессиясында каралган маселелерге кабарчы Кенжебек Арыкбаев сереп салган. Ошондой эле Улуттук консерварториянын ректору, белгилүү композитор Муратбек Бегалиев менен болгон маектешүүдө анын балалыгы, чыгармачылыгы, эл аралык форумдарда, фестивалда сүйлөгөнү, кыргыз маданиятынын күнгөй-тескейлери тууралуу кеп болуп, “Доор добулбасы” аттуу китеби жарык көргөнү турганын айткан.
Аталган гезитте ошондой эле Бишкек шаарынын башкы архитектору Каныбек Нарбаев жаңы конуштардагы курулган жана курулуп жаткан турак-жайлар типтүү долбоорсуз салынып, жер титирөөгө туруштук бере албастыгын, коопсуздук сакталбаганын айткан.
22-ноябрдагы “Кыргыз туусу” гезиттинде өлкөнүн коопсуздук кеңешинде каралган маселелер тууралуу баяндама жарык көрдү.
22-ноябрдагы “Эркинтоо” гезити жакында болчу айыл өкмөт башчыларын шайлоолорго карата кабарчы Айчүрөк Макешованын “Айыл өкмөтү айылды оңдойбу?” деген макаласын жарыялады. Анда мурда райондук, айылдык кеңештин депутаттары жергиликтүү өкмөт башчыларын шайлап, татыктуулар тандалбай калса, бул жолу жалпы элдик шайлоодо татыктууларды аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлгөнү талдоого алынат.
21-ноябрдагы “Вечерний Бишкек” гезити да ушул темага кайрылып, айыл өкмөт башчылыгы үчүн 2030 талапкер катталып, бир орунга 5-6 атаандаш ат салышып жатканын маалымдады. Ушул талапкерлердин катарында орто мектепти гана бүткөн, мыйзамдарды билбеген, юридикалык түшүнүгү жоктор да бардыгын, эки миңден ашуун талапкердин 155и гана кыз-келиндер экенин журналист Зинаида Сорокина талдоого алат.
Экс-президент Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаевге өлкөнүн прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, издөө салганы менен ал Казакстандын атуулу болгондуктан, күнөөсү далилденсе Казакстандын мыйзамы менен өз жеринде соттолушу мүмкүндүгүн, бирок Адил Тойгонбаевди кыргыз бийлигине өткөрүп беришпестигин Казакстандын баш прокуратурасынан билдиргенин “Вечерний Бишкек” гезитинин кабарчысы Любовь Борисенко маалымдады.