Бүгүн Дайтон келишимине 10 жыл толду

Келишим босниялык мусулмандар, сербдер жана хорваттар арасындагы 1992-95-жылдардагы согуштун соңунда түзүлгөн жана анын негизинде үч элдин федерациясы түптөлгөн. 10-жылдыкты утурлай Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Боснияны биримдикке кабыл алуу мүмкүндүгү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү өткөрөөрү боолгонууда. Босниядагы үч жылдык согушта 200 миңдей адам кырылган жана 2 миллиондой адам бөтөн жакка бозуп кеткен. Бүгүнгө карай, 1 миллиондой качкын өз жерине кайтарылган.