“Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясы баш прокурордун маалымат каражаттары тууралуу айткан пикирине нааразы

БИШКЕК. 21-ноябрда башкы прокурор Камбаралы Конгантиев Коопсуздук кеңешинде коомчулукта кырдаалды курчутуп, бүйүрдү кызыткан маалыматтарды чагылдырган массалык маалымат каражаттарына аткаруу бийлиги тарабынан катуу чара көрүү зарылдыгын билдирди:

- Коррупция жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү басма сөз кызматтарынын ролуна оң баа берүү менен сенсациянын артынан кууган айрым журналисттер фактыны бурмалап чагылдырып, коомчулукта дүрбөлөң жаратууда. Психологдордун баамында, элдердин психикасына эмоционалдык басым жасоого болбой турган, көрүүчүлөрдүн психикасына күчтүү таасир берүүчү кадрларды көрсөтүүдө. Өкмөт жана Юстиция министрлиги массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү мыйзамдын негизинде, коомчулукта кырдаалды курчутуп, бүйүрдү кызыткан маалыматтарды чагылдырган массалык маалымат каражаттарына катуу чара көрүп, көзөмөлгө алуусу зарыл.

Мындай билдирүүгө тынчсызданган кайрылуусун “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясы жолдоду. Анда, “,ашкы прокурор чынында эле элдин абалына тынчсызданса, массалык маалымат каражаттарын сынга албай, уюшкан кылмыштуулукка каршы катуу чара көргөнү жөндүү. Мамлекеттин күчүн жана мыйзамдуулукту колдонуп элдин абалын оңдоого мырза Камабаралы Конгантиевдин кызматnык укугу бар”? - деп айтылат. Ошондой эле “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясы ,ашкы прокурорду массалык маалымат каражаттарын сөз эркиндиги менен камсыз кылууга, Конституциялык укугун жана эркиндигин коргоого чакырган.