Болжолдуу эсеп боюнча, Кыргызстандын миллионго чукул жарандары чет өлкөлөрдө иштеп жүрүшөт. Алардын басымдуу бөлүгү Орусия менен Казакстандын базарларында, курулуш жайларында, айыл чарбасында эмгектенишет. Чет жердеги эмгек мигранттарынын проблемаларына арналган эки күндүк Эл аралык илимий конференция 21-ноябрда Бишкекте ачылды. Ага биртоп чет өлкөлөрдөн өкүлдөр катышууда.
Эл аралык илимий жыйында чыгып сүйлөгөн өкмөт башчы Феликс Кулов азырынча Кыргызстан сыртка сүрүлтүп эмгек мигранттарын чыгарып жатканын белгилеп, 24-марттагы ыңкылап да жумушсуздуктун айынан чыкканына басым койду:
- Турмуштун айынан биздин көп адамдарыбыз чет жерлерге барышка мажбур, бирок да баары эле ал жерден тиричилигин жакшыртып келе алышпайт. Бул жагдай да бизге биртоп оорчулук алып келет. Эгер алардын баары бир убакта Мекенине кайтып келсе кандай болорун элестетип көргүлө. Дагы жаңы социалдык жарылуу чыгары күмөнсүз. Себеп дегенде, жакшы турмуш издеп кеткендердин баарына азыр өлкө жумуш таап бере албайт.
Эмгек мигранттарынын абалын жакшыртуу, укугун коргоо Кошмо Штаттар үчүн жаңылык эместигин, тил билбеген, сырттан келген адам дайым эле өз укугун жетиштүү коргой албастыгын АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Йованович маалымдады:
- Кыргызстан эмгек мигранттарын жөнөтүп аткан өлкө катары толгон-токой кыйынчылыктарга кез келүүдө. Чет жердеги өз жарандарын коргоо, алардын мыйзамдык укугун аныктоо түйшүгүн башынан кечирүүдө.
Кыргызстандан сыртка агылган эмгек мигранттарынын басымдуу көпчүлүгү Орусия менен Казакстанда иштешет. Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Өмүрзак Өзүбеков кийинки жылдары ыкчам экономикалык өнүгүүнү башынан кечирип жаткан Казакстан сырттан келген эмгек миграциясы тууралуу атайын мыйзам кабыл алганын билдирип, бирок да ал жерге барып иштегендердин басымдуу көпчүлүгү мыйзам эрежелерин сактабастыгын, жашырын жүрүшөрүн маалым кылды. Казакстан жылына 22 миңге чейин эмгек мигранттарын кабыл алат. Бирок бул расмий көрсөткүч, деп айтты казак элчиси:
- Быйыл алардын саны арбыды, январь-июнда эле 11 миң киши келгени катталган. Четтен келген адистер курулушта, айыл чарбасында, тоо-кен өнөр жайында эмгектенишет. Анын үчтөн бири Түркиядан келген, чет элдиктердин ар бир онунчусу же 11 пайызы кытайлыктар, КМШ өлкөлөрүнөн келгендердин 60 пайыздан ашууну кыргызстандыктар.
Ө. Өзүбековдун маалымдашынча, 278 миң жашырын иштеп жүргөн эмгек мигранттары катталган. Алар негизинен Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандан келгендер.
Кыргызстандын эмгек жана социалдык коргоо министри Айгүл Рыскулова ушу тапта өкмөт чет өлкөлөрдө иштеп жүргөндөрдүн так санын эсепке алуу ишин жүргүзүп жатканын айтты:
- Аркыл сандар айтылып келатат. 200 миңден миллионго чейин адамдын саны келтирилет. Мунун баары болжолдуу сандар, эксперттердин болжолу. Менин оюмча, булардын баарын такташ керек. Эмне үчүн алдагыдай сан айтылат? Буга чейин Кыргызстанда эмгек миграциясынын эсебин алуу, көзөмөл жүргүзүлбөй келген. Ал эле эмес Кыргызстандын эмгек базарына канча киши тартылганы да такталбаган. Ошон үчүн биз жаңы мамлекеттик комитет түзүлгөндөн кийин эсептеп чыгууну чечтик.
А. Рыскулова ушу тапта социалдык кызматкерлер, байланыш бөлүмүндөгүлөр үймө-үй кирип кимден канча киши чет жерде иштеп жүрүшкөнүн тактай башташкандыктарын, бул иш жыл аягына чейин соңуна чыгып каларын маалымдады. Эмгек мигранттарынын проблемасын талкуулаган жыйында чет жерде иштеп жүргөндөр көбүнесе өздөрүнүн укугун билбестиги, тилден кыйналары, чоочун жерге көнүгүшүнө шарт түзүп берүү тууралуу да кеп болду.
Экономикалык турмуштун айынан бактысын алыстан издегендердин катары жыл санап көбөйүп баратат. Жыйында кыргызстандык эмгек мигранттарынын айрымдары чет өлкөлөрдө биротоло турук алып жашоого, жарандык алууга куштар экени айтылды. Чет жерге баргандар укуктук жагынан гана кыйналбастан, социалдык оор проблемалардын төөбастысында калары, алардын ичинде балдарын мектепке берүү, дарылануу мүмкүнчүлүгүн алуу сындуу кыйынчылыктар турганы айтылды.