Иран атомдук ишканаларын текшертпейт

Ирандык депутаттар өкмөттү эл аралык инспекторлордун өлкөдөгү атомдук ишкана-жайларды текшерүүгө уруксат беришин токтотууга милдеттендирди. Иран парламентинин бул чечими – бейшембиде Улуттар уюмунун атомдук энергия боюнча агенттиги Тегеран маселесин Коопсуздук Кеңешинде кароону талкууламакчы болуп жатканда кабыл алынды. Жекшембиде Ирандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Тегеран өтө чоң зарылчылык бар экени далилденмейинче, МАГАТЭнин инспекторлоруна өлкөдөгү аскердик маанидеги жайларды текшерүүгө уруксат бербейт, деп билдирген.