БИШКЕК. 21-ноябрда Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтөөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязовдун мурдараак кабарлаганына караганда, бул отурумда Кыргызстанда акыркы учурларда катталган кылмыштуулуктун абалы талкууланмакчы. Алардын катарында Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаевдин өлтүрүлүшүнө байланышкан жагдай да талкууга алынаары күтүлүп жатат. Мындан мурдагы коопсуздук кеңешинде 17-июндагы окуя каралып, коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык улуттук коопсуздук кызмат башчысынын биринчи орун басары Токон Мамытов жана Улуттук гвардиянын башчысы Абдыгул Чотбаев кызматынан алынышкан.