Жекшемби күнү атактуу Ньюремберг соту башталганына 60 жыл толду. 1945-жылдын 20-ноябрында башталып, 4 жылга созулган жараянда адамзаттын тарыхындагы өтө кандуу жана мыкаачы согуштун эң жооптуу аткаруучулары сот жазасына татылган. Мурдакы Югославия боюнча эл аралык кылмыш трибуналы менен Эл аралык кылмыш сотун түзүүгө, Геноциддин алдын алуу жана жазалоо боюнча Улуттар Уюмунун конвенциясы, согуштун мыйзамдары жана эрежелери жөнүндөгү Женева конвенциясы жана Адам укугунун универсалдык декларациясынын жаралышына дал ушул Ньюремберг жараяны негиз болгон. Бирок бүгүн да жер бетинде согуш оту басылбай, анын күнөөкөрлөрү жазасыз калууда.
Германиянын Ньюремберг шаарында ачылган сотто нацистердин бийик даражалуу 24 жетекчиси, анын ичинде гестапонун негиздөөчүсү Герман Геринг, нацисттердин расалык теориясынын атасы Алфред Розенберг, нацисттик Германиянын тышкы иштер министри Иоахим фон Рибентроп айыпкер катары турушту.
Соттун мааниси, тарыхта биринчи жолу мартабасы улук өкмөттүк адамдар эл аралык соттун алдында улуттун атынан жасаган кылмыштары үчүн жооп беришти. Биринчи жолу “согуш кылмышкери” жана “адамзатка каршы кылмыш жасады” деген аныктама сот тажрыйбасында колдонулду. Экинчи дүйнөлүк согушка чейин мыкаачылык согуштун айрыгыс бир бөлүгү катары каралап келген.
Ньюремберг сотунун зарылдытууралуу АКШлык айыптоочу Роберт Жэксон 1945-жылдын 20-ноябрында мындай деген:
- Биз өкүм чыгарып жазага тартмак болуп жаткан жамандык атайылап ойлонулуп, өтө мыкаачылык жана кыйратуучулук менен жүргүзүлгөндүктөн адамзаттын көз жаздымында калбаш керек. Анын кайра кайталанышына жол берилбеш керек.
1946-жылы биринчи чыккан өкүмгө ылайык, 12 айыпкер атууга өкүм болуп, үчөө акталган. Калган тогуз айыпкер узак мөөнөткө кесилген. Кийинки үч жылда мыкаачылыкка тийиштиги бар өндүрүшчүлөр, врачтар жана аскерий адамдар сот жазасын алган.
60 жыл мурдакы жараянда америкалык башка бир айыптоочу Тельфорд Тэйлор сот жараяны нацисттердин запкысын көргөн миңдеген шордуулардын көйгөйүн баспаганы менен, болочок муунга сабак боло турганы менен баалуу экенин айткан:
- Алар үчүн береги адам ишенгис окуялардын коомчулук алдында ачык-айкын далилденгени өзгөчө маанилүү. Андыктан, эч бир адам бул жамандыктардын далиденгенинен күмөн санабайт.
Соңку 60 жылда согуш 100 миллиондон ашуун адамдын өмүрүн алды. Кампучиде, Руандада жана Балканда миллиондогон адамдар геноциддин курмандыгы болушту. Эмне үчүн?
Автриялык илимпоз Ганс Көллердин айтышынча, согуш мурдакыдай кан майданда өтпөй, көбүн эсе шаарларда жүрүп, ага эки жактан калың эл катышкандыктан, согуш кылмышы качан жасалганын так аныктоо абдан машакаттуу иш:
- Азыр да 1945-жылкы жоболор колдонулат. Мисалы, армиянын милдети карапайым элди коргоо, күчтү ашыкча колдонбоо. Азыркы согуштун шартында бул ачык-айкын эрежени колдонуу бир кыйла оор. Жарандык жана аскерий буталарды даана ажыратып болбойт. Бул абдан татаал иш.
Профессор Көллер мурдакы Югославия боюнча эл аралык кылмыш трибуналынын чабалдыгын анын эл аралык келишимдин негизинде эмес, Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши айрым кубаттуу өлкөлөрдүн саясый кысымы астында түзгөнү менен түшүндүрөт.
2002-жылы негизделген Эл аралык кылмыш соту Югослав трибуналына караганда натыйжалуу иштесе болмок. Бирок анын ишине АКШ, Орусия жана Кытай каршы чыгууда дейт Ганс Көллер:
- Кубаттуу эл аралык оюнчулар соттун макамын бекитмейинче, ал универсалдуу талапка ылайык иштей албайт жана айрым майда барат гана иштерди бүткөрүп жүрө берет. Соттун кызматчылары да болочокто келишим бекитилеби деп шектенишип, чындап жана аң-сезиминде эркин боло алышпайт.