ОШ. 19-ноябрга караган түнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын көчмө күзөт тобунун кызматкерлерине кол салуу болду. Бул жөнүндө “Азаттык” радиосунун кабарчысына билдирген Ош облустук ички иштер башкармалыгынын пресс-кызматынын ага инспектору Жеңишбек Ашырбаев түнкү саат үчтөр чамасында көчмө күзөт тобунун эки кызматкери шаардын Кыргызстан көчөсүндө бара жаткан “Опель вектра” автоунаасын токтотуп, документтерин текшерүү учурунда анын ичиндегилер каршылык көргөзүшүп, автоунаадан түшкөн 20-25 жаштардагы төрт жигит милиция кызматкерлеринин колунан автоматты тартып алууга аракет кылышкан. Тартышуу учурунда автоматтан чыккан октон милиция кызматкери Эмилбек Казаков жаракат алган. Кармоо тобу келгенге чейин белгисиз адамдар качып кеткенге үлгүрүшкөн. Пресс-кызматтын ага инспектору Ашырбаев учурда “Опель вектра” автоунаасынын айдоочусу жана анын ичинде болгон дагы бир адам колго түшкөндүгүн, ал эми калгандары учурда изделип жаткандыгын кабарлады.