ТАЛАС. Улуттук коопсуздук кызматынын Талас облустук башкармалыгынын терроризмге каршы күрөш бөлүмүнөн 19-ноябрь күнү алынган маалыматка караганда быйылкы жылдын он айында “Хизб-ут Тахрир” диний уюмунун 3 миңден ашык баракчалары, 400 ашык брошюралары кармалган. Оперативдүү маалыматтарга караганда, баракчалар менен китепчелер Бишкектен жана өлкө түштүгүнөн даярдалып Таласка ташылып келген. “Хизб-ут Тахрир” уюму менен байланышы бар деп эсептелген 12 адам кармалып, алардын тогузуна атайын эскертүү берилди. Мындан бир нече күн мурда болсо Талас шаарынын бир тургунунун үйүнөн Калашников маркасындагы кол пулемету алынды. Азыркы күндө куралдын ээсинин “Хизб-ут Тахрир” диний уюмуна тиешеси бар-жоктугу иликтенип жатат.