Бейөкмөт уюмдар маалыматка жетүүнүн эркиндиги жана кепилдиги жөнүндөгү мыйзамдын жаңы долбооруна каршы

БИШКЕК. Ушул жылдын 7-октябрында президенттик администрациясынын демилгеси менен “Коррупциясы жок келечек - Трансперенси Интернешнл Кыргызстан” уюумунун, Сорос-Кыргызстан корунун колдоосу аркасында Кыргызстанда маалыматка жетүүнүн эркиндиги жана кепилдиги жөнүндөгү мыйзам долбоору талкууга коюлган. 1997-жылдан бери иштеп калаткан ушундай эле аталыштагы мыйзамга салыштырмалуу жаңы долбоор жарандардын маалымат алуу укугун кыйла чектеп койорун белгилеп, 20 ашуун бейөкмөт уюмдар жакында коомчулукка кайрылуу менен чыгышты. Анда жаңы мыйзам жарандардын маалымат алуу укугун кеңейтпестен, мамлекеттик органдардын кызыкчылыгын көздөгөн тыйуу салуучулук маанайында жазылгандыгы айтылган. Бейөкмөт уюмдардын ырасташынча, 1997-жылдагы маалыматка жетүүнүн эркиндиги жана кепилдиги жөнүндөгү мыйзам жарандардын коомдук маанилүү маалыматты алуу укугун чектебеген универсал мыйзам. Эгер жаңы мыйзам долбоору кабыл алынса Кыргызстандагы либералдык баалуулуктар жоголот, деп эсептешет бейөкмөт уюм өкүлдөрү.