Израилде эмдиги жылдын март айынын башында кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүлмөй болду, өлкөнүн "Ликуд" жана Жумушчу партияларынын жетекчилери ал тууралуу бүгүн эртең менен макулдашты. "Ликудду" азыркы премьер Ариел Шарон жетектейт, Жумушчу партиясынын лидерлигине болсо жакында Шимон Перестин ордуна Амир Перец шайланган. Партия жетекчиси болоору менен Перец бийликке шарт коюп, эгер эрте шайлоо өткөрүлбөсө, партиянын мүчөлөрү өкмөттөн чыгып кетет деп билдирген.