АКСЫДАГЫ ЧЕК АРА КӨЙГӨЙЛӨРҮ

  • Ырысбай Абдыраимов
Аксы району Өзбекстан менен 133 чакырым чегара тилкесинде чектешет. Чек араны тактоо иштери жайбаракаттык менен жүргөндүктөн аймактагы аныкталууга муктаж жерлердин тагдыры али чечиле элек. Чек ара такталбагандыктан эки элдин өкүлдөрү бири-бирине катташаарда жана мал-жандыктарын багаарда түмөндөгөн көйгөйлөргө туш болушат. Карапайым жарандардын тармактык кызматкерлерден ыдык көргөн учурлары да аз эмес.
Жумушсуздугу менен жакырчылыгы күчтүү болгон Аксы району Өзбекстандын Чартак, Уйчи, Жаңыкоргон райондору менен канатташ. Коңшу аймактардын ортосунда аныктоону талап кылган жайлар арбын. Райондун мурдагы акими Абдымалик Эгембердиевдин маалыматы боюнча, чек ара карталарындагы чаташуулар кайчы пикирлерди жаратып, бир пикирге келүүгө мүмкүндүк берген эмес. Паритеттик комиссиялардын жолугушуулары боюнча 175 метр жердин тагдыры чечилген:

- 133 км. аралыктан болгону 175 метр чегара сызыгы жазылып бүткөн. Кашкасуу айыл өкмөтүндө Пушка деген участокто, Моңол участкасында, МТФдан Падыша сайына чейинки жер, Көксарай турбазасы, Мамай айылында, Уңгар тоосунда, Темир лагер, Кошдөбө, Питомник, Кескенжар деген жерлердин тагдыры чечиле элек.

Өзбекстан өз аймагына зым тосмолорду орнотуп, чек арасын бекем кайтарууга алгандан кийин Аксы району Кызылжар айлынан Кербен шаарына чейин машакаттуу таштак жолун курууга аргасыз болгон. Биринин аймагы экинчисине өтүп кеткендиктен коңшу райондордун калкы талаш жерлерди өз билгениндей пайдаланууда. Аксынын жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлк мекемесинин башчысы Абдылатип Мырзаевдин айтымында, райондун кыйла аянтынын үзүрүн Өзбекстан көрүүдө. Тескерисинче, Өзбекстанга караштуу Унгар тоосун аксылыктар пайдаланат:

- 165 гектар жер аянтты картографиялык материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын жери болуш керек. Бирок бүгүнкү күндө ал жерде Өзбек Республикасы тарабынан 710 сотых жерди пайдаланып келүүдө. Пионер лагер деген жерибиздеги 103 гектар жер аянты бүгүнкү күндө картографиялык материалдын негизинде биздин жер болуп эсептелет. Бирок ал жерлерди Өзбек Республикасы пайдаланып келүүдө. Бир нече жолу акимдин атына акт жазып кайрылышкан

Коңшу райондордун жарандары бири-бири менен түрдүү тармакта кызматташат. Чек арадан өткөн адамдардын тармактык кызматкерлердин одоно мамилесине туш болгондору аз эмес. Райондун тургуну Акбаралы Темиров токмок жеген ызасы менен кыргыз жеринин кайтарылбай жаткандыгын мындайча туюнтту:

- Карабуурадагы 70 гектар жерди өзбектер пайдаланып атышат. Уңгарга чейин жылкылары жүрөт, айдап кеткиле деген адам жок.

Аксы районун төрт ай башкарган Тажимамат Туралиев такталбаган 43 жерге карабай, кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал тынч экендигин жана утурумдук көйгөйлөр эки элдин мамилесин бузбай тургандыгын билдирди:

- Өзбек-кыргыз мамилеси жаман болгон эмес. Мен аким болгондон бери төрт айдын ичинде эки проблема чыкты, биз өзүбүзчө келишип чечиштик. Бул жерде 43 жер чыр-чатактуу деп эсептелет.