Айыл өкмөт башчыларына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады

БИШКЕК. Айыл, шаар жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жетекчилерине талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады. Бүгүнкү күнгө карата республика боюнча 1863 атуул талапкер катары көрсөтүлдү. Шайлоо кодексине ылайык, талапкерлерди каттоо 22-ноябрда соңуна чыгат. Өлкө боюнча 483 айыл өкмөтү бар. Бул жолу 370 айыл өкмөтүндө шайлоо өткөрүлөт. Жалпысынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жетекчилерин шайлоого өлкө бюджетинен 15 миллион 343 миң сом бөлүндү. Шайлоо мыйзамына ылайык, бул шайлоолорго 25 жаштан 65 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жараны катышууга укугу бар. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жетекчилерин шайлоо 18-декабрда өткөрүлөт.