Аба ырайы

БИШКЕК. Синоптиктердин айтымында, 18-ноябрда Кыргызстандын аймагы боюнча күн ачык болот. Чүй, Талас, Ош, Баткен жана Жалалабат облустарынын айрым жерлерине туман түшөт.

Абанын температурасы:

Талас дубанында түнкүсүн –3…-8 градус суук, күндүз +5…+10 градус жылуу. Баткен, Жалалабат, Ош аймактарында тункүсун –2 градус сууктан +3 градуска чейин жылуу, ал эми күндүз +8ден…+13 градуска чейин жылыйт. Сарыөзөн Чүйдө тункүсун –1…-6 градус суук, күндүз +5…+10 градус жылуу. Нарын жергесинде тункүсүн –6дан…-11 градуска чейин суук болот. Күндуз +3…+8 градус жылуу.
Ысыккөл ойдуңунда түнкүсүн –1…-6 градус суук, күндүз +4…+9 градус жылуу.

Бишкекте күн ачык болот. Мезгил-мезгили менен туман түшуп турат. Абанын температурасы: түнкүсүн –2…-4 градус суук, күндүз +8…+10 градус жылуу.

Кабарлар топтомун Бакыт Аманбаев, Чолпон Орозобекова жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу