Франция парламенти өзгөчө кырдаалды үч айга узартты

Франция парламентинин жогорку палатасы өлкөдө өзгөчө кырдаалды үч айга узартуу тууралуу мыйзам долбоорун 16-ноябрда жактырды. Төмөнкү палата өкмөттүн бул сунушун бир күн мурун кабыл алган эле. Францияда баш-аламандыкка байланыштуу өзгөчө кырдаал 9-ноябрдан баштап киргизилген. Үч жумадан бери уланып жаткан тополоңдо 8500 автоунаа өрттөлгөн.