Дүйнө мусулмандарына жасалган кайрылуу эшитилеби?

Венада “Ислам көп кырдуу дүйнөдө” деген эл аралык конференциясы аяктады. Жыйын соңунда көрүнүктүү мусулман жетекчилери дүйнө өлкөлөрүн Исламды тынчтыктын, өз ара диалогдун жана сабырдуулуктун дини деп таанууга чакырышты.

Кайрылуунун мазмууну жөнүндө Улуттар Уюмунун башкатчысы Кофи Ананндын кеңешчиси Лахдар Брахими мындай деп билдирген:


- Биз башкалар айтып жүргөн стереотиптен өйдө болуу жана түшүнбөстүккө түртүп, чыныгы проблемаларды чечүүгө тоскоол болгон жөнөкөй мүнөздөмөлөрдөн айрылуу үчүн өзүбүздү жана өз коомчулугузбу окутуубуз зарыл.