Аксы районунда 15-ноябрда азыркы президенттин саясатын колдоо менен убактылуу акимдин кызматтан кетүүсүн талап кылган митинг өткөн. 16-ноябрда жүздөгөн адамдар райакимчиликтин алдында аким Тажимамат Туралиевдин кызматтан кетүү жөнүндөгү арызын жазып берүүсүн күтүп турушту. Нааразы болгондордун айтуусунда район акими кошуна өлкө менен болгон мамилелерге жарака кетирүүгө аракеттерди жасаган, ал эми убактылуу аким мындай айыптоолор менен макул эмес.
Аксы районундагы митингди “Кыргызстан” коомдук саясий кыймылынын райондук бөлүмү уюштурган. Бөлүмдүн төрагасы Иманалы Сариевдин айтымында, нааразылык акциясынын өтүүсүнө президент Курманбек Бакиевди кызматтан кетирүү боюнча буга чейинки айрым топтордун митинг уюштуруусу себеп болгон. Убактылуу аким Тажимамат Туралиевдин Өзбекстандан өткөн мал-жандыктарга катаал мамилеси базар бааларынын кымбаттап, кошуналар ортосундагы кызматташуунун солгундашына түрткү берген:
- Убакытлуу акимдин жоруктарына чыдабастан ушундай акцияга барышка туура келди. Курманбек Бакиведин азыркы жүргүзүп аткан саясатын колдоо иретинде биз Аксы эли жалып Кыргызстандын калкы шайлаган президентти колдоорубузду дагы бир жолу билдирип коелу деп чечтик.
Иманалы Сариевдин билдирүүсүнө караганда, акцияга 2 жарым миң, байкоочулардын пикири боюнча 500, райондук бийликтин маалыматында, эки жүзгө жетпеген адам катышты.
Акимдин отставкасын талап кылган адамдар 15-ноябрда бийликтин имаратына администрациянын кызматкерлерин киргизбей койгон. Иманалы Сариевдин айтымында, митингге катышкан 57 адам имаратты 16-ноябрда таң заарлап бошоткон.
Ардагер Сулайманкул Эсеналиев акимдин туура эмес иштегендигинен дыйкандар үчүн күйүүчү май, техникалык бөлүктөр жана азык-түлүктөр Өзбекстандан өтпөй калды деп эсептейт:
- Элдин чыккан малын алып келип каматып, Өзбекстандын тургундарына 80 миң сом штраф салыптыр. Экинчиден, натура комиссия түзүп, акчаны бөлүштүрүп жибериптир, ИИМге, УККга баланча миң сом, тигиге-буга деп. Анткени акимдин полномочиесин бул билбейт.
Убактылуу аким Тажимамат Туралиев митингчилердин айыптоолорун четке кагып, Өзбекстандын калкы менен мамилеге доо кетпегендигин билдирди. Кызматтан кетирүү талабы март ыңкылабын жактаган төрт гана адамдын иши. Тажимамат Туралиев айткандай, митинг уюштуруучулар өзбек элинин бир нече өкүлдөрүнө тартууга аракет кылышкан. Бирок нааразы болгондордун максатын түшүнгөн соң, алар таркап кетишкен. Акимдин ынанымында, коррупцияга жана жаңгак уюлдарын сатууга каршы жасалган иш чара токойду тоногондордун тоскоолдугун жараткан:
- Биз өз ара келишип, Өзбекстан менен мамилебиз жакшы, эч кандай андай иштер болгон жок. Булар интрига гана кылып, ушундай нерсени айтып атышат. Кызматтан кетсин дегендери негизсиз. Бирок мен өзүм бүгүн оорума байланыштуу деп арыз жазып, элдин алдына жетекчилерди, аксакалдарды чогултуп, бардыгынан ыраазычылык, кетирген катачылыктарым үчүн кечирим сурадым. Эч качан биз бийлик үчүн күрөшкөн эмеспиз. Биринчи күндөн баштап эле коррупция менен күрөшө баштадым эле. Бирок акырына чыкпай калдым. Болгон жаңжал кесилген жыгачтардын баарын камап койгонум үчүн чыккан
Ушинтип аким Tажимамат Туралиев кызматтан кетүү арызын 16-ноябрда жазып берди.