Ирак өкмөтү кыйноолорду иликтейт

Ирактын премьер-министри Ибрахим ал-Жафари камакка алынган 150дөн ашуун киши кыйноого алынганы тууралуу маалыматты иликтөөнү буйруду. Алар АКШнын аскерлери тарабынан Багдаддын айланасындагы операцияда жекшемби күнү кармалган эле. Жафаринин айтымында, кармалгандардын өң-түсүнөн алардын кыйноого алынганы көрүнүп турат. Шейшемби күнү Багдад жана Киркукта согушкерлердин чабуулунан 15 ирактык, анын ичинде он полиция кызматкери набыт болду. АКШнын аскерлери да чабуулдан үч жоокери мерт болгонун билдирүүдө.