Палестина чек арасын көзөмөлдөйт

АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс билдирүүсүнө караганда, палестиндер Газа тилкесинен Египетке өтүүгү мүмкүнчүлүк алат. Бул үчүн Газа менен Египетин ортосундагы чек ара ачылат. Бул маселе боюнча Иерусалимдеги сүйлөшүүдөн кийин Кондолиза Райс буларды билдирди:

- 1967-жылдан бери биринчи жолу палестиндер өз аймагына кирип-чыгууну өздөрү көзөмөлдөй баштайт. Бул Рафах чек ара бекетинин 25-ноябрдан тарта ачылышынан кийин ишке ашат.

Кондолиза Райстын айтымында, палестиндер Газа тилкесинен Батыш жээкке да эркин каттай алышат. БУУнун баш катчысы Кофи Аннан келишимди кубаттап, бул палестиндердин эркиндиги жана экономикасы үчүн оң таасир тийгизээрин белгиледи.