Ооганстанда коопсуздук жакшы эмес

Ооганстанга эл аралык күчтөрдүн жардамы дагы керек. Өлкөдө коопсуздук жакшы эместигин Кабулдагы жардыруулар көрсөттү, деп билдирди Ооганстан президенти Хамид Карзай 15-ноябрда Венада кабарчылар менен жолугушууда. 14-ноябрда эки автоунаанын жардырылышанан бир немис аскери, жети ооган атуулу набыт болгон эле. АКШнын аскерлери да Ооганстанда жардырууга туш болуп, бир аскер каза тапканы жана бирөөсү жарадар болгону кабарланууда.

Таңкы эл аралык кабарларды Прагадан Айданбек Акмат уулу даярдады