Бириккен Улуттар менен АКШ жетекчилиги Анжиян боюнча бүтүмдү сынга алды

Бириккен Улуттардын Адам укуктар боюнча жогорку комиссары Луиз Арбур кечээ күнү кечинде билдиргенге караганда, Анжиян окуялары боюнча соттолгон 15 адам өкүмгө каршы арыз берүүгө укук алууга тийиш. Өзбекстандын Жогорку соту кечээ күнү чыгарган бүтүмгө ылайык, ал 15 адам май айында Анжиянда тополоң уюштурганы үчүн күнөөлүү деп табылды жана 14 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылууга кесилди. Алардын ичинде үч кыргыз жараны да бар. АКШ мамлекеттик катчылыгынын айтымында, соттолгондорго каршы күнөө далил жетишсиз болгон жана бүтүм - соттолгондордун өздөрү жана күбөлөр айткан сөздөргө гана негизделди.