АКШ президенти Жорж Буш Азия мамлекеттерине бир апталык сапарга чыкты жана бүгүн Жапониянын Киото шаарына келди. Алгач ал Киотодогу буддистик ибадатканага барат, эртең болсо премьер-министр Дзюнитиро Коидзуми менен жолугат. Андан соң Буш Түштүк Кореяга келип, Чыгыш Азиялык саммитке катышат жана Кореядан кийин Кытай менен Монголдияга да барат.