Адвокаттын айтымында, экс-президент Аскар Акаевдин күнөөсү жок

БИШКЕК. Кыргызстандын бийлиги экс-президент Аскар Акаевден кечирим сурап, анын Кыргызстанга кайтып келүүсүнө кепилдик бериши керек. Кыргызстан элинин абийир, ар-намысын коргоо комитетинин төрагасы Акин Токталиев «Кабар» агенттигинде уюштурган маалымат жыйынында ушундай билдирүү жасады:

- Себеби, биздин мамлекеттик бийликте турган кишилер ичкен, жеген, миллиарддарды алып кеткен деп жалган жерден күнөө үйүшкөн. Мага башкы прокуратурадан июнда, июлда, октябрда, ноябрда төрт кат келди, Аскар Акаев ичкен эмес, жеген эмес, ага иш козголгон эмес, ага адвокаттын кереги жок деп.

Акин Токталиевдин айтымында, ал башкы прокуратурага экс-президенттин укугун адвокат катары коргоо сунушу менен кайрылган жана жооптордун негизинде ал 12-ноябрда Аскар Акаевди жактоо ишин токтоткон. Экс-президенттин ишеним катынын негизинде Токталиев 12-майдан бери адвокат катары иштеп келаткан. Башкы прокуратура болсо 14-ноябрда Аскар Акаевге жана анын жакындарына таандык саналган мүлктү териштирүү комиссиясынын сунушунун негизинде 64 кылмыш иши козголгондугун, анын 27си Майрам Акаева жетектеген «Мээрим» кайрымдуулук фондуна байланыштуу экендигин кабарлаган.