Барскоондуктар жол тосууну улантышууда

БИШКЕК. Жетиөгүз районунун үч айылынын тургундары Бишкек-Кумтөр автожолунун 110-120-чакырымын тосууну улантууда. Бул тууралуу 15-ноябрда ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Алынган маалыматка караганда, жол тоскондордун катарында, Тосор, Барскоон, Тамга айылдарынын 155 тургуну бар. Алар менен дүйшөмбү күнү кечинде облустук мамлекеттик администрациянын, прокуратуранын, ички иштер кызматтарынын жетекчилери баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугушту. Ал эми нааразы тараптын өкүлдөрүнүн маалыматтарында, беш күндөн бери өтүп жаткан нааразылык акциясына жамаатташ жайгашкан беш айылдан 600гө жакын тургун катышып, алар Барскоон окуясынан жабыркагандарга компенсация төлөп берүүнү талап кылып жатышканы айтылууда. Алар тогуз талап койгон мындай акцияны жайында башташкан. Акциянын тыныгуудан кийин кайра улантылышын алар талаптардын аткарылбай жатышы менен байланыштырышууда.