Орусиялык инвесторлор Кыргызстандан кетүүнү көздөшүүдө

БИШКЕК. Эгерде аткаруу бийлиги жакын аранын ичинде кандайдыр бир чара көрбөсө Чүй облусундагы «Кайыңды кант» заводу өз ишин токтотот. Бул тууралуу заводдун директору Иван Ермененько 15-ноябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында журналистерге билдирди. Анын айтымында, кыргыз өкмөтү 2003-жылдагы токтому менен ата мекендик өндүрүштү коргоо максатында, «Кайыңды кант» заводуна өз продукциясын чет өлкөгө сатууга тыю салып, алардын продукциясын «Кристалл» спирт заводуна гана сатууга уруксат берген. Ал эми учурда «Кристалл» заводду беш тонналык идиштеги кызылча ширесинин баасын 139 доллардан 40 долларга чейин түшүрүп жиберди, ошондуктан биз аларга өз товарыбызды сатпай жатабыз, деп билдирди Иван Ермененько. Ошондой эле завод директору кырдаалдан чыгуу үчүн кыргыз өкмөтү алардын продукциясынын бир бөлүгүн чет өлкөгө сатылышына уруксат бериши керек. «Антпесе завод жетекчилиги өз ишмердүүлүгүн токтотуп, өз мекенине кетүүгө аргасыз болот», деп кошумчалады Иван Ермененько. «Кайыңды кант» заводунун акциясынын жүз пайызы орусиялык « Альянс» компаниясына тиешелүү.