БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, айыл өкмөт башчылыгына өлкө боюнча саясий партиялардан, коомдук уюмдардан 1860дан ашык талапкер сунушталды. Алардын арасында өзүн өзү көрсөткөндөр да бар. 18-декабрга белгиленген айыл өкмөттөрүн шайлоого талапкерлерден арыздарды кабыл алуу 12-ноябрда аяктады жана аларды каттоо 22-ноябрга чейин улантылат. Ал эми үгүт иштери 17-декабрга чейин созулат. Айыл өкмөттөрүн шайлоого 15 миллион 343 миң сом чыгымдалмай болду. Шайлоо өлкөдөгү 483 айыл өкмөттөрү менен шаар башчыларынын ичинен 370инде болот. Калгандарында шайлоо мөөнөтү боло элек.