БИШКЕК. 16-ноябрда Кыргызстандын аймагы боюнча дээрлик жаан-чачындын болушу күтүлбөйт. Түндүк-батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жеткен жел жүрөт. Ал эми Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Сарыөзөн Чүйдө түнкүсүн -1...-6 градус суук, күндүз +4...+9 градус жылуу.
Талас жергесинде түнкүсун -2ден -7 градуска чейин суук болот ал эми күндүз +2...+7 градус жылуу болушу күтүлөт. Жалалабат, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн -2 градус сууктан +3 градуска чейин жылуу, күндүз +6...+11 градустун айланасында жылыйт. Ысыккөлдө түнкүсүн 0...-5 градус суук, күндүз +4...+9 градус жылуу болот. Тоолуу Нарын аймагында түнкүсүн -3...-8 градус суук, күндүз +3...+8 градус жылуу.
Борборубуз Бишкекте күн ачык болот. Түнкүсүн жана таңга маал туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы: түнкүсүн -2...-4 градус суук, ал эми күндүз +6...+8 градус жылуу болот деп кабарлашат, Кыргызстандын синоптиктери.
Кабарлар топтомун Бурулкан Сарыгулова, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты.
Редактор – Шайырбек Эркин уулу