ТУБАСА МАЙЫП ТЕҢИЗБЕК БАЙЫЗОВ БАСТЫ...

Бишкек травматология жана ортопедия Улуттук борборунда тизе муундары тубаса кайрылып туулган, ушу кезге чейин колясканын жардамы менен гана жылып же жөрмөлөп жашап келген 17 жаштагы Теңизбек Байызовго быйылкы жыл ичинде 2 жолу операция жасалды. Операциялар ийгиликтүү ишке ашып, Теңизбек азыр 2 буттап басып калды. Бою да 10 сантиметрге өстү. Бул - дүйнөдө болуп көрбөгөн таң калыштуу жана уникалдуу операция болду.
Теңизбек Байызов 1986-жылы Тогузторо районунун Казарман айылында карапайым үй-бүлөдө туулган. Теңизбек эки тизе мууну тең артка кайрылып туулгандыктан, тизеден ылдыйкы сөөктөр соо адамдыкындай болуп артка бүгүлбөстөн, алдын көздөй бүгүлчү. Ал операцияга чейин эптеп оонап жылып же жөрмөлөп жашап келген. Андыктан ал мектепке да барбаган. Теңизбек окуганды жана жазганды ушул борбордо жатып үйрөндү. Ага операция оң бутунан башталды.

Бул оор, жооптуу ишке батынган травматология жана ортопедия Улуттук борборунун директору, медицина илимдеринин доктору, профессор Сабырбек Жумабеков алгачкы операция тууралу буларга токтолду:

- Биз ошол муундарды ордуна коюп, кыйшайган сөөктү толугу менен түздөп, муунду кармап туруучу бүт тарамыштардын баарын пластикалык жол менен калыбына келтирдик. Ошонун негизинде азыркы күндө Теңизбектин оң буту толугу менен өз калыбына келип, тизеси кайра нормалдуу түрдө бүгүлдү, Андан тышкары бутун дагы он сантиметрге өстүрүп, чоңойттук да. Азыркы күндө Теңизбектин акыбалы жакшы. Мына бир жарым айдан бери ага билим жагынан дагы жардамыбызды берип жатабыз. Теңизбек окуганды дагы, жазганды дагы үйрөнүп, 1-класстын программасын толугу менен бүтүп, азыр 2-класстын программасын окуп жатат. Биз атайын мугалимдерди жалдап, ошолор Теңизбек менен иштешип жатат.

Эми болсо кечээ жакында Теңизбектин экинчи бутуна – сол бутуна операция жасалды. Бул операция да ийгиликтүү ишке ашып, бүгүнкү күндө Теңизбек таяк менен эки буттап басып калды. Теңизбек Байызовдун экинчи бутуна жасалган операция тууралу ага операция жасаган 4 хирургдун бири, травматология жана ортопедия Улуттук борборунун директорунун орунбасары Жаныш Сулайманов мындай деди:

- Экинчи операциянын биринчи операциядан бир аз өзгөчөлүктөрү бар. Бирок негизи биринчи операциядай эле бүттү. Муун байланыштарындагы тарамыштардын баары калыбына келтирилди. Алар мурда жок болчу. Тубаса муун байланыштары жок төрөлгөн баланын алдыңкы, арткы жана жан жактарындагы сөөк байланыштары жасалма тарамыштар менен камсыздалып, калыбына келтирилди. Гипстик магнитазы алынган. Азыркы кезде Курортология институтунда калыбына келтирүү дарылоосун алып атат. Азыр тизеси, анын бүгүлүшү кадимки адамдардыкындай эле калыбына келтирилди. Экинчи буту да биринчи бутундай эле 10 сантиметрге өстү. Эки саны тең бирдей. Эки балдагын таштаган. Курортологиянын базасында массаж, физиодарылоо, дене тарбия сыяктуу дарылоо түрлөрүн алып жатат. Бир аз убакыт өткөндөн кийин кадимкидей эле таяксыз басып калат.

Биз Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү борборунда дарыланып жаткан Теңизбекке жолукканыбызда, анын мурдагыдан кыйла көңүлдүү тартып калганы байкадык:

-Теңизбек, өзүңдү кандай сезип калдың?

- Жакшы...

- Басып атасыңбы?

- Ооба, кичинеден...

- Агайың айтып атат, китеп да окуп атат деп?

- Тамга таанып калдым... Окуп атам... Окуп үйрөнө баштадым... “Апендинин жоруктарын”...

- Дарыгерлериңе кандай ыракматыңды айтасың?

- Ойлогом, такыр болбойт болуш керек деп... Чоңоюп калдым... “Болбойт” деп айтат болуш керек деп... Чоң ыракмат аларга!

Ал эми Теңизбек менен ооруканада чогуу жаткан Алтынбек аттуу жигит Теңизбекке ийгиликтерди каалады:

- Теңизбек Кудайга шүгүр, бутунан операция болуп жакшы болуп атат. Биз катары жакшы болуп келатат. Ал да бизге окшоп басып жүрүшүн каалайм.

Бул операциянын татаалдыгы жана уникалдуулугу – мындай аномалиялык көрүнүштүн бул кезге чейин дүйнөнүн эч жеринен кездешпегенинде жана мындай татаал операциянын жасалбагандыгында болду. Бул тууралу травматология жана ортопедия Улуттук борборунун директорунун орунбасары Жаныш Сулайманов буларды кошумчалады:

- Бир эле Кыргызстанда эмес дүйнө жүзүндө мындай патология жок экен. А түгүл мындайды операциянын алдында салыштырып көрүү үчүн да издеп таппадык. Теңизбектикиндей көрүнүш жок экен.

Сүрөттө: Теңизбек операцияга чейин жана операциядан кийин