Cот Рысбек Акматбаевдин ишин башкы прокуратурага кайтарды

БИШКЕК. Милициянын полковниги, маркум Чыныбек Алиевдин өлүмүнө тиешеси бар деген айып менен кылмыш иши козголгон Рысбек Акматбаевге байланышкан сот иши башкы прокуратурага кайтарылды. Бишкек шаарынын 1-май райондук сотунда бул ишти карап жаткан судья Аманбек Сариевдин мындай чечим чыгаруусуна сот иши үчүнчү ирет каралбай калгандыгы себеп болду. Буга чейин Рысбек Акмабаевге байланыштуу сот иши 28-октябрь жана 9-ноябрь күндөрү каралбай калган. Бул ирет жабырлануучунун туугандарынын сот жараянына келбей калгандыгынан улам сот ишти караган жок. Чыныбек Алиевдин өлүмүнө, ошондой эле Хаваджи Заурбековдун, Нурлан Бердикеевдин өлүмүнө тешеси бар деп, Рысбек Акматбаевден тышкары Нурлан, Мирлан Коноевдер, Эркинбек Мамбеталиев, Мухтар Андабаев жана башкалар, жалпысынан 9 адам айыпталууда. Райондук соттун өтүнүчү боюнча, башкы прокуратура айыпталуучу жана жабырланган тараптын сот ишине келишин камсыздап бериши керек.