Депутат Жогорку сотко журналисттин үстүнөн арыз жолдоду

БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаты Давран Сабиров абийирине жана атуулдук беделине шек келтиргендиги үчүн “Учкун” гезитинин жана аталган гезиттин баяндамачысы Калил Жамгырчиевдин үсүнөн жазган доо арызы Жогорку сотто 24-ноябрда каралат. Бул арыз боюнча буга чейин Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан, айыпталуучу Калил Жамгырчиевдин үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренесиин 2-3-бөлүгү боюнча козголгон кылмыш иши теришитирилип, Жамгырчиев күнөөсү жок делип, акталып чыккан. Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Бишкек шаардык соту Свердлов райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.

Депутат Давран Сабиров “Ошгаз” ишканасын жетектеп турган учурда ири суммадагы каражатты жок кылгандыгын чагылдырган “Учкун” гезитиндеги “Ош газын ойрондогон Сабиров” деген макалада көрсөтүлгөн фактыларды негизсиз деп, гезитти жана баяндамачы Калил Жамгырчиевди айыптап, Бишкек шаардык жана Свердлов райондук сотунун чечимин жокко чыгарууну жана сот жообуна тартуу боюнча Жогорку сотко арыз жолдогон.