ЭРКИНИ - ӨКМӨТКӨ, МАМЛЕКЕТТИГИ - ӨЗ АЛДЫНЧАЛЫККА

24-марттагы бийлик алмашуусунан кийин Кыргызстанда сөз эркиндигине толук шарт түзүлөрүнө үмүт чоң болчу. Бирок да соңку кездери демократиянын негизги принцибинин айланасында кабатыр кеп-сөздөр айтыла баштады. Антишке биртоп эркин маалымдоо каражаттарынын азыркы бийликтин аракет-кыймылын мактоо күүсүнөн чыгалбай келатышы түрткү берди шекилдүү.
А. Акаев заманында Кыргызстандагы сөз эркиндиги коңшулаш өлкөлөргө, көбүнесе Өзбекстанга салыштырмалуу талтөөндөй өйдө экендиги баса айтылып, эларалык уюмдардын этият эскертүүлөрү четке кагылчу.

24-марттагы бийлик алмашуусунун деми сууй электе өкмөттүк маалымдоо каражаттарын эркиндикке чыгаруу демилгеси күч алып, атайын жумушчу топ түзүлгөн. Комиссия сунушун президентке жөнөтүп, ушу тапта жооп күтүп отурган чагы.

Кыргызстанда маалымдоо каражаттарынын эркиндиги Конституцияда ырасталган, мыйзамдык негизде бекемделген. Анткен менен өкмөттүн көзүн караган борбордук үч гезит, улуттук телерадиокорпорациясы, буга кошулуп облус, райондук маалымдоо каражаттары салык төлөөчүлөрдүн эсебинен каржыланып келатат.

Өкмөттүн алдагыдай коомдук пикирге таасир көрсөтүүчү кубаттуу куралынын катарын 24-марттан бери биртоп эркин маалымдоо каражаттары көбөйтүүдө. Алардын жөн-жайын «Кыргыз руху» гезитинин редактору Болотбек Таштаналиев мындайча чечмелейт.

- Мунун өзү, менин оюмча, кандайдыр бир деңгээлде бийлик эркин гезиттерди өзүнө тартып алды, аны кандай кылып тартып алды, эмне кылып тартып алды – бул башка маселе. Бирок бүгүн эркин гезиттер бийлик тарапта, бийлик тарапта болгондо да бир жактуу. Өкмөт тарапка да эмес, кайсы бир башка күчтөргө кызмат кылып жатышат. Ошол эле мезгилде эркин гезиттер өздөрүнүн эркиндигин сактагандай болуп атышат, Жогорку Кеңешти сындап атышат, Ф. Куловду сындагандай түр көрсөтүп жатышат. Ф. Куловдун тегерегиндегилерди, Ө. Текебаевди сындап атышат. Жогорку сотту сынга алышууда. Топчукенин ураандары ошол эле эркин гезиттерде чыгып атат, бирок ошонун өзүн эркин гезит деп айтыш натуура.

Чыккан нускасы, окурман, угармандарынын саны кыйла эле чектелүү Кыргызстандын шартында тигил же бул маалымдоо каражатынын бийлик башындагы адамга карата позициясы артынан толгон-токой жоромолду ээрчите жүрөт. Журналист Калил Жамгырчиев мурдагы бийликти катыра сындап келаткан басылмалардын жаңыны жактап, колдоо көрсөтүп жатышы биралдын мыйзамченемдүү көрүнүш деп эсептейт.

- А. Акаев бийликте турганда анын бийлигине каршы турган оппозициядагы К. Бакиевдин аракетин ошол эле «Кыргыз ордо», «Жаңы кылым» гезиттери бүткүл Кыргызстанга жеткирип турган басылмалар болчу, анын пикирин, оюн чагылдырып турушчу. К. Бакиев бийликке келгенден кийин деле ошол эле гезиттер мурдагы позициясында туруп жатышат. Бул кайсы бир деңгээлде азыркы президент К. Бакиевди колдоп аткандай, анын саясатын колдоп аткандай таасир көрсөтүшү мүмкүн. Бул чындык.

Жалаң президентти гана мактоого алган калың топ маалымдоо каражаттарынын каршысында жалаң өкмөт башчыны, парламент спикерин көтөрмөлөгөн макалаларды жарыялап келаткан деле биртоп басылмалар бар. «Кыргыз руху» гезитинин баяндамачысы Садык Гавай ушу тапта прездентти өкмөттүк гезиттер деле этиет сындоого өтүштү, дейт.

- Бардык гезиттерде көз карандылык бар. Кээ бир адамдардын пикиринде, «Жаңы ордо» гезити К. Бакиевге көз каранды экен. Мен муну жакында угуп алып таң калып отурам. К. Бакиевдин бул жерде эч кандай тиешеси жок. Тек К. Бакиевге карата гезиттин көз карашы түз. Айырмасы эле ушунда. К. Бакиевди азыр баары эле сындап жатышат. Мына мен деле макала жазып жатам. Мен деле айтып атам, чечкиндүүлүк жетишпейт. Революциянын максаты - Жогорку Кеңешти таратуу болгон. 2-3 маанилүү пункту болсо, ошонун негиздүүсү ошол эле. Жогорку Кеңешти ушул күнгө чейин тарата албай жүрөт. Ал таратпаса деле Топчубек Тургуналиев таратып ийиши мүмкүн.

«Учкун» басмасынын редактору Памирбек Казыбаевдин ырасташынча, эгемендик алгандан бери экономикалык тежемел өлкөлөрдүн катарынан чыга албай келаткан Кыргызстанда бийлик башчысын мактоого тыюу салуу керек. Мурдагы бийликти да жалаң мактоого тундургандар ушу тапта деле иштеп жүрүшөт, эски менен жаңынын айырмасы жок болууда, дейт П. Казыбаев.

- Журналисттерди, басма сөз өкүлдөрүн, элди мындай деп чакыргым келет: «Эки-үч же беш жыл мактоого мораторий жарыялайлы!» Мына мактап отуруп эмнеге жеттик?!

Непадам жумушчу топ даярдаган жаңы сунуш президент К. Бакиев тарабынан колдоого алынып, өкмөттүн колундагы маалымдоо каражаттарына эркиндик берилип калса айоо билбес рынок шартында алардын өз алдынча жашап кетиши деле кыйын. Ошондон жаңы бийликтин маалымдоо каражаттарынын текши баарына бирдей мүмкүнчүлүк берүү аракетин жактырбагандар деле биртоп. Кыйналып өз алдынча жол тапканча, көнүмүштүн күүсү менен баштагы жолунан чыкпай жүрө берүүнү эңсегендердин тилеги орундалабы же өкмөт чындап эле сөз эркиндигине шарт түзүп береби, муну алдыдагы убакыт көрсөтөт.