ОРУСИЯ ИРАНГА АТОМ БОМБА ЖАСАП БЕРҮҮГӨ ДАЯР

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Иран өз жеринде уранды каныктыруунун аягына чыгуу максатынан кайтпай тургандыгын өлкөнүн атом программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп аткан өкүлү Али Лариджани ишембиде билдирди. Ал АКШ менен Евробиримдиктин Тегаран уранды каныктыруунун акыркы баскычын Орусияда өткөрүшүнө макул болгондугуна карата ушундай жооп айтты. Вашингтон буга дейре эле жашыруун түрдө атомдук курал жасоонун үстүндө, деп ирандык бийликти кинелеп, Евробиримдик менен чогуу Тегаранды ядролук планынан баш тарттырууну көздөп келаткан. Орусия болсо небактан кызматташ болуп келаткан ирандык атомдук программадан баш тартуудан качып келаткан жана азыр ал алакага башкача жол издөөдө.
Мурунку аптада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров «Орусия бир шарттын негизинде Ирандын уран программасынын мындан ары уланышына макул болот. Ал шарт – уранды каныктыруу Орусияда ишке ашууга тийиш», - деген болуучу. СиЭнЭн (CNN) агенттиги билдиргенге караганда, андай болгондо, Иранга урандык сырье башкача айтканд. газ түрүндөгү кошулма өрдүрүүгө уруксат берилет. Ал кийин Орусияга жиберилет. Ал жакта жогорку ылдамдыкта машинелерден өткөрүлүп каныккан уранга айлантылат. Ошондон кийин ал кайра Иранга өткөрүлүп берилип турат

Бул сунушка АКШ менен Евробиримдик гана эмес МАГАТЭ да макул болушканын агенттиктер жазат. МАГАТЭ жетекчиси Мохаммед Барадей айтканга караганда, уранды каныктыруу бир эле Ирандын кызыкчылыгы үчүн эмес, дегеле өнүгүү жолундагы өлкөлөр кызыкчылыгындагы маселе:

- Ар кайсы өлкө уранды каныктырып, өз алдынча атомдук курал жасоого жетишүү - коркунучтуу иш. Биз энергия кубатын өрдүрүүгө жалпы киришип анын корун түзүшүбүз керек. Ал кордон кийин каалаган өлкөлөр реакторду куруу технологиясы менен атомдук отунду алып туруучу болууга тийиш, - дейт БиБиСиге берген маегинде.

Буга дейре Тегеран уранды каныктырууну өз алдынча жасоо далалаты менен тырышып, дүйнөлүк коомчулук кебин жебей келген. Батыш айрыкча Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежаддын «Израилди дүйнө картасынан өчүрүп, жок кылуу керек» деген кебинен кийин, Иран атомдук курал жасап атат деп чочулаганын улам айтууда.

Бушерде куруп аткан АЭСтен пайда таап аткан Орусия болсо дүйнөлүк коомчулук Иран маселесинде тил табышса деген кызыкчылыкта болууда. Уранды каныктыруу Орусия жеринде болсун сунушу менен бул күндөрү өлкөнүн коопсуздук кеңешинин катчысы Игорь Иванов чапкылап Тегеранга барды. Бирок анын кеби суу кечпей калганын агенттиктер таркатууда. Ага жооп ирээтинде Иран өкүмөтүнүн ядролук программа боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү өкүлү Али Лариджани өз жеринде уранды каныктыруу Ирандын мыйзамынын чегинде экенин жана ал иштен кайра тартпай тургандыгын айткан:

- Ал да (каныктыруу) биздин программанын ичинде. Уранды каныктырууну токтотпойбуз. Бул алдыдагы сүйлөшүүлөрдүн бир башкы бутагы. Эч ким Иранды күчкө салып же коркутуп- үркүтүп өз укугунан баш тарттыра албайт.

Анализчилер баамында, иш ушул болжолдо өнүккөндө, Ирандын уранды өндүрүү программасы тунук болмок.

БУУнун коопсуздук кеңешинде «ирандык маселени» чечүү үчүн МАГАТЭ жетекчилиги 24 ноябрда кеңешмеге чогулмакчы