Кыргызстанда бардыгы болуп 36 жаза өтөөчү жай бар. Аларда ушу тапта түрдүү кылмыш жасаган 17 миңдей жаран жазасын өтөп жатышат. Күз айларынан бери өлкөнүн түрмөлөрүндө толкундоолор болуп, Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаев баш болгон 4 адам атылып өлтүрүлүп, бул тармак реформалоого муктаж экени айгине болуп олтурат.
Кыргызстанда 6 убактылуу тергөө изолятору, 11 жабык түзөтүү жайы, 25 жаза өтөө мекемеси бар. Буларда учурда 17 миңдей адам абакта олтуруп, жаза мөөнөтүн өтөп жатышат. Жаза аткаруу мекемелери өлкөнүн күч органдары, армия, милиция жана коопсуздук кызматтары сыяктуу эле бирден бир керектүү тармак экенине карабай Кыргызстан эгемендүү болгону өгөй баладай болуп, кароосуз калганын адистер көптөн бери айтып келүүдө. Мурда ички иштер министрлигинин карамагында болсо, кийин коопсуздук кызматына, учурда адилет министрлигинин курамына берилип, жаза аткаруу мекемесинде коррупция өөрчүп, чындыкты айткан кызматкерлер куугунтукка алына баштаган. Бул тармакка билимдүү иштин көзүн билген кызматкерлердин келбей жатышы айлык акынын аздыгы, мамлекетик камкордукка алынбаганы жана бул кызматтын баркынын төмөндүгү менен түшүндүрүлүп келген.
Ички иштер тармагында 35 жыл кызмат өтөгөн, 10 жыл жаза аткаруу мекемесинин башкы башкармалыгында тергөө бөлүмүн жетектеген, полковник Асангазы Кабаев бул тармакты түп тамырынан бери реформалоонун зарылдыгын айтып, мындай деди:
- Бул тармак коррупцияга батып, жетекчилери өздөрүнүн кызыкчылыгын гана көздөп калышкан. Абактагылардын абалын жакшыртууну ойлоп да койгон эмес. Алар үчүн бөлүнгөн каражаттар башка максаттарга жумшалып, жеп- ичүү адатка айлаган. Абактагылар өздөрү талаптарын коюп, кылмышкерлер түрмөлөрдү өздөрү башкарып калышкан. Жаза аткаруу мекемелеринин жетекчилери өздөрүнүн ордун кызгануу менен мыкты адистерди куугунтукка алышып, жаштарга мүмкүнчүлүк берген эмес. Бул тармактын ишин жакшыртуу үчүн биринчиден, айлык акыларын жогорулатып, баркын көтөрүп, тартипти колго алуу зарыл. Бул тармакты улам бир министрликке учкаштырбай өзүнчө департамент кылып, кайра түзүү керек. Экинчиден, бул тармактын өзүнүн формасы, эн белгиси болушу шарт. Статусун дагы жогорулатуу учур талабы. .
Быйыл май айынан бери ички иштер кызматкерлеринин айлык акысы 50 пайызга көбөйсө, жаза аткаруу мекемеси көз жаздымда кала берген. Дагы бир көйгөй - бул тармактын өзгөчө даярдыктан өткөн адистерин даярдоо колго алынбай келген. Себеби, ички иштер академиясыныдагы бир взвод курсанттардын даярдыгы учур талабына жооп бербейт, дешет адистер.
Жаза аткаруучу мекеменин башкы башкармалыгынын финансы бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп 15 жылдай кызмат өтөгөн, учурда эс алуудагы полковник Эмил Эшимбеков бул тармакка өтө аз каражат бөлүнүп, абактагыларга күнүнө тамак- ашы үчүн 26 сомдун ордуна 10-15 сомго эптеп көк шорпо, эки-үч тилим кара нан гана берилип, жашоо-шарты начарлаганын белгиледи:
. - Бул системага көптөн бери көңүл бурулбай калган. Норма боюнча жазасын өтөп жаткандарга күнүмдүк тамак-ашы үчүн 26 сом белгиленсе, анын ордуна 10-15 сомго эптеп тамак берилип калган. Бул тармакка жылына эң жок дегенде эле 600 млн. сом керек болсо, казынадан ар жылы 120 млн. сом гана өп-чап бөлүнүп келген. Ошондуктан абакта толкундоолор болуп жатат.
1998-жылдан бери түрмө системасын рефармолоонун зарылдыгын айтып, жазанын алтернативдик түрлөрүн киргизүүнү, абактагы 17 миң адамдын санын 5 миңден ашырбай кармоону айтып келаткан өлкөнүн акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулунун пикири төмөнкүчө:
- Кыргызстанда түрмө системасын эбак реформалоо зарыл болчу. Муну көп жылдан бери какшап айтып келатам. Жаңы жетекчилер дагы менин сунуштарыма макул болушууда. Антпесе түрмөгө кирип, иштөөгө мүмкүн болбой калды. Жаза аткаруучу мекемелеринин бардык кызматкерлерин ички иштер академиясынын бүтүрүүчүлөрү менен толук алмаштырып, жаңылоо зарыл. Себеби, бул тармак өтө коррупцияга батып кеткен. Жаңыча иштөөгө өтүп, мурдакы системаны өзгөртүп, гумандаштыруу керек.
Ал эми Новопокровкадагы №3 түрмөдө жазасын өтөп жатышкандар менен жолукканда, алар тартипти өздөрү сактап жатышканын, сакчылар тополоң чыгаруу менен өздөрүнүн көйгөйлөрүн чечип, айлык акыларын жогорулатууну талап кылууда деген пикирлерин айтышкан. Ушул 3-абакта жазасын өтөп жаткан Жумабек Мамажанов мындай деген пикирин телефон аркылуу билдирди:
- Алар ушундай тополоң чыгаруу менен өздөрүнүн көйгөйлөрүн чечип алууну, айлыгын жогорулатууну талап кылышууда. Биздин жашоо жагдайыбызды да оңдоп, тамак-ашты жакшыртып берүүсүн өтүнөбүз. 10 жылдан бери шейшептер жаңыртылган эмес. Көк сорпо менен шылдыр суу, ит ичпеген тамакты беришет. Дары-дармек жокко эсе. Түрмөнүн чоңдору орун талашып, ушундай чыр-чатакты өздөрү уюштуруп, бизди жаманатты кылышууда.
Кыргызстандагы жаза аткаруучу мекемелеринин абалы коңшу Казакстанды айтпаганда дагы Тажикстандыкынан дагы өтө төмөн экенин эксперттер белгилешкен. Өлкөнүн адилет министри Марат Кайыпов да бул тармакты чукул арада реформалоонун зарылдыгын айтып, айрым жетекчилерди кызматтан алды.
.